«Кыргыз-Бетон» — жаны технологиядагы продукция

frontIMG«Бетон өндүрүүчү завод» түшүнүгү, мындан бир нече убакыт мурун темир бетонду конструкциялоочу заводдун, бетон чылоочу эле бир түйүнү катары эсептелинип келинсе, азыр болсо бетон өндүрүүчү завод-бул негизинен бир чакан автономдуу өндүрүш катары эсептелинет. Ушундай бетон өндүрүүчү компаниялардын бири болгон «Kyrgyz BETON» (Кыргыз Бетон) компаниясы өзүнүн жогорку тажрыйбага ээ адистери, заманбап, жаңы технология жабдыктары менен курулган заводу, компания жумасына 7 күн, күнүнө 24 саат кызмат көрсөтүп,эң мыкты сапаттагы продукциялары менен Кыргызстанда бетон өндүрүүчү компаниялардын ичинен эң алдынкылардан бири болуп таанылды.

«Kyrgyz BETON» (Кыргыз Бетон) компаниясы Түркиядагы «Даяр Бетон Продукциялар Биримдигинин» жазышма мүчөсү жана ERMCO(Европадагы Даяр Бетон Продукциялар Биримдигинин) мүчөсү болуу менен бирге Европадагы жана Түркиядагы кесиптештерибиздин тажрыйбасын үйрөнүп, бетон өндүрүү секторундагы жаңылыктардан дайыма кабардар болуп туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

«Kyrgyz BETON» (Кыргыз Бетон) компаниясы кардарларына сапаттуу бетон продукцияларын гана сунуу менен чектелбестен, өз убагында жана туура шарттарда жеткирүү, ошондой эле биздин продукцияларыбызды туура колдонуусу боюнча кошумча кеңеш берүү кызматын да сунуштайт.

«Kyrgyz BETON» (Кыргыз Бетон) компаниясы сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жашоочуларына жана коноктору үчүн сапаттуу, кооз жана ынгайлуу турак жайларды курулуусу үчүн талыкпай эмгектенүүгө даяр!

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР: